• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Өткөн жылы Ысык-Кѳл облусу боюнча 11 социалдык объект бүткѳрүлгѳн

Аймак 0

Бишкек, 22.02.22. /Кабар/. 2021-жылы республикалык бюджеттин эсебинен Ысык-Кѳл облусу боюнча 11 социалдык объектинин курулушу бүткөрүлдү. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирет.

Жалпысынан, республикалык бюджеттин эсебинен 39 социалдык объектин курулушуна жана капиталдык оңдоп-түзөөсүнѳ 325,1 млн сом каржыланган.

Белгилей кетсек, бүткѳрүлгѳн 11 объекти - 4 мектепти, 2 маданият жана 5 ичүүчү суу менен камсыздоо объектилерин камтыйт.

Учурда агенттик тарабынан 2022-жылдын республикалык бюджеттен каржылануучу объекттердин тизмесине Ысык-Кѳл облусу боюнча 77 социалдык объект сунушталды. Анын ичинен 53 курулуш объектиси, 2 капиталдык ондоп-түзөө объектиси жана 22 ичүүчү суу менен камсыздоо объектилери. Бул объекттерди бүткөрүүгө жалпысынан 2 млрд 686 млн 900 миң сом керектелет.

Пикир

Оставить комментарий