• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Жалал-Абад милициясы балдардын психоневрологиялык жатак үйүнө колдоо көрсөттү

Аймак 0

Бишкек, 03.12.21. /Кабар/. Бүгүн, 3-декабрь - Майыптыгы бар жарандардын эл аралык күнүнө карата Жалал-Абад милициясы шаардагы балдардын психоневрологиялык жатак үйүнөн кабар алды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Жалал-Абад шаардык милициясынын начальниги Алмазбек Кубатбеков балдар үйүнө акчалай колдоо көрсөтүп, мындан ары да камкордукка алынып турарын белгиледи.

Кубатбеков жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте реабилитациялоо борборунун абалы менен да таанышып чыгышты. Ошондой эле балдардын чакан концерттик программасына күбө болушту.

Өз учурунда балдар үйүнүн жетекчилиги тарабынан колдоо көрсөткөндөргө ыраазычылыктар айтылды.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан бул жайга жыл сайын ар түрдүү жардамдар берилип келет.

Пикир

Оставить комментарий