• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Чолпон-Атада КМШнын туризм боюнча кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт

Экономика 0

Бишкек, 10.07.24. /Кабар/. Эртең, 11-12-июлдарда Чолпон-Ата шаарында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин туризм боюнча кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган кеңеш 1994-жылдын 9-сентябрында түзүлгөн Туризм жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууга катышкан мамлекеттердин Туризм боюнча кеңешинин мураскери болуп саналат.

Кеңештин негизги максаты эл аралык туристтик байланыштарды өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, жарандардын руханий керектөөлөрүн канааттандыруу, экономикалык мамилелерди өнүктүрүү жана чыңдоо, ошондой эле туризм боюнча мамлекеттик органдар менен ар кандай туристтик уюмдардын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү болуп саналат.

Ага Беларусь, Россия, КМШ ишкер кеңешинен, КМШ туризм боюнча кеңештин катчылыгынан, Казакстан, Тажикстан, Армения (онлайн), Өзбекстандын делегациялары катышат.

Пикир

Оставить комментарий