• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Былтыр Кыргызстан сыртка 2 миң тонна эт, 30 миң тонна сүт экспорттогон

Экономика 0


Бишкек, 18.02.20. /Кабар/. Былтыр Кыргызстан сыртка 2 миң тонна эт экспорттогон. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Калысбек Жумаканов билдирди.

"Былтыр чет мамлекеттерге 2 миң тоннага жакын эт продукциясы сатылды. Анын ичинде Иранга 800 миң тоннага жакын эт чыгарылды. Мал союучу жайлардын саны артты. Учурда ЕАЭБдин реестрине 8 мал союучу жай киргизилген", - деди ал.

Анын айтымында, балык өстүрүү чарбасы да жолго салынууда. Азыркы тапта 30 ишкана ЕАЭБдин реестрине киргизилген.

"Биздин ветеринардык кызмат ЕАЭБдин реестрине ишканаларды өзү киргизе баштады. Буга чейин биз атайын комиссия чакырып, алар текшергенден кийин реестрге киргизилчү. Учурда 114 ишкана ЕАЭБдин реестринде турат. Анын ичинде 30 ишкана балык өстүрүү менен алектенет", - деди ал.

Ошондой эле ал белгилегендей, былтыр сыртка 30 миң тонна сүт экспорттолду. 2018-жылга караганда ал 4 миң тоннага көп болгон.

"2019-жылы 510 тонна бал экспортко чыгарылды. Мурдагы жылы ал 360 тонна болгон. Мурда балды бир эле Кытайга сатып келсек, учурда экспортко чыгарылган өлкөлөрдүн ичинде Сауд Арабия, БАЭ, Кувейт, Катар, Канада, Япония бар", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий