• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Чолпон-Атада селден электр жабдыктары жабыркаган жок – Энергетика министрлиги

Аймак 0

Бишкек, 14.08.24. /Кабар/. Чолпон-Атада селден электр жабдыктары жабыркаган жок. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, 12-августта катуу жааган жаандан улам Чолпон-Ата шаарында 22:00 чамасында сел жүрүп, "Чолпон –Ата" 110/10 кВ көмөк чордонун сел каптаган. Селдин кесепетинен көмөк чордондогу кабелдик каналдарды суу каптап, кум-баткака толтурган.

Ысык-Көл электр тармактар ишканасынын кызматкерлери кабелдик каналдарды тазалап, көмөкчордондун ичин жана айлана чөйрөсүн иретке келтиришти.

Ошондой эле мындан ары суу ташкынын алдын алуу максатында Чолпон-Ата 110/10кВ көмөк чордонунун үстүнөн канал казылды.

Селдин кесепетинен электр жабдыктары жабыркаган эмес.

Пикир

Оставить комментарий