• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында жол кире кымбаттады

Аймак 0

Бишкек, 16.11.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында жол кире кымбаттады, - деп маалымдайт Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы маалымат борбору.

Билдирүүгө ылайык, мындай чечимди 15-ноябрда Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз сессиясында депутаттар кабыл алды. Анда Жүргүнчүлөрдү ташуу агенттиги күйүүчү майлардын жана тетиктердин баасы өскөндүгүн эске алуу менен кичи автобустардын жол акысын мектеп окуучуларына 5 сом, пенсионерлерге 8 сом, ал эми калган жүргүнчүлөр үчүн 15 сомго көтөрүүнү сунуштап, ал эл өкүлдөрү тарабынан колдоо тапты.

Жол акынын көтөрүлгөндүгүнө күйүүчү май менен унаа тетиктердин баасынын жогорулагандыгы себеп болгон.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында кичи автобустар мектеп окуучулары үчүн 5 сом, пенсионерлерге 8 сом, ал эми калган жүргүнчүлөр үчүн 10 сомдон жол кире алып келет. Бүгүнкү күндө калаада 150дөн ашык кичи автобус жүргүнчүлөргө кызмат көрсөтөт.

Пикир

Оставить комментарий