• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Нарын облустук ооруканасына дагы эки кычкылтек концентратору берилди

Аймак 0

Бишкек, 18.07.20. /Кабар/. Нарын облустук бириктирилген ооруканасына дагы эки кычкылтек концентратору берилди. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын бама сөз кызматы кабарлайт.

Мэриянын маалыматына караганда, анын бирин калаадагы № 8 Арстанбек Буйлаш уулу атындагы орто мектептин 1999-жылкы эки бүтүрүүчүсү алып берсе, экинчисин жеке ишкер тапшырган.

Белгилей кетсек, бүгүн Нарын облусуна өкмөт тарабынан 1 реанимобилдик тез жардам унаасы, 30 даана концентратор жана 80 даана пульсоксиметр аппараты берилди. Меджабдуулар муктаждыкка жараша, облустагы ооруканалар арасында таркатылып берилет.

Пикир

Оставить комментарий