• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Чукул билдирүү! Бишкек менен Чүйдө катуу шамал күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 23.07.24. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күтүлүп жаткан шамалга байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, түндүк-батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт.

"Катуу шамал учурунда коопсуз жайларда болуңуздар. Өзгөчө кырдаалдарга кабылсаңыз токтоосуз 112 кызматына билдириңиз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий