Ташкент, 12.12.24. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Бүгүн КР Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү дүйнө коомчулугу тарабынан белгиленүүдө. Ушул маараке алкагында Өзбекстандын Улуттук университетиндеги Чыңгыз Айтматов атындагы маданий-агартуу борборунун төрагасы, Jahon alabiyeti журналынын башкы редактору, профессор Ахмаджон Мелибоев кыргыз-өзбек адабияты достугуна зор салым кошкон улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов тууралуу ой-толгоолорун "Кабар" агенттигинин окумандары менен бөлүштү.
Залкар жазуучу өмүр бою кыргыз-өзбек элдеринин достугун чыңдоого кызмат кылып, эки боордош элдин адабияты ортосундагы достуктун данакерине айланган десек аша чапкандык болбойт, деп сөзүн баштады Мелибоев.
Анын айтымында, кыргыз көркөм сөз өнөрүнүн өзбек окурмандарына кирип келишинде эки улуу адабий окуя – "Манас" эпосу жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын ээлеген орду өзгөчө. Өзбекстанда биринчи жолу “Манас” эпосунун кыскартылган варианты 1958-жылы үч том (төрт китеп) болуп чыккан. Бул тарыхый эпосту кийин өзбекчеге которууда Миртемир, Султон Акбарий, Турсунбой Адашбоев, Зухриддин Исомиддинов сыяктуу инсандардын эмгеги зор.
"Ал эми Чыңгыз Айтматовдун повесть жана романдарын белгилүү адабият таанучулар, таланттуу котормочулар Асил Рашидов, Иброхим Гафуров, Суюн Кораев, Абдураим Отаметов, Махкам Махмудов, Төлөнбай Курбанов жана башкалар өтө чебердик менен өзбек тилине которушкан. Чыңгыз ага өзүнүн өзбек тилинде жарык көргөн чыгармалары менен таанышып жатып: "Улуу акын Миртемир "Манас" эпосун жогорку деңгээлде өзбек тилине которсо, досум Асилжан дагы менин повесттеримди ошондой которгон экен, мен аларды окуп, балким, бул чыгармаларымды өзбек тилинде жазгандырмын, деп ойлоп кетем", деген эле. Мындай жогорку баалоонун негизинде өзбек жана кыргыз тилдеринин көп жагынан жакындыгына да ишара бар.
Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов Өзбекстандын жазуучулары менен бир туугандай дос болуп, “пахта иши” деп өзбек элинин намысына көө жабылганда, мурдагы түзүмдүн эң бийик трибунасынан тайманбай туруп, калкыбызды эрдик менен коргогон. Чыгармачыл досторунун жетишкендиктерине кубанып, аларга каттар жазган. Чыңгыз агайдын "Улугбек казынасы" романы тууралуу устат Одил Якубовго жазган катында мындай саптар бар: "Улугбек мен үчүн орто кылымда жашап өткөн теңдешсиз аалым гана эмес, ошол эле учурда биздин тарыхыбызда, улуу түрк тектүү ата-бабаларыбыздын арасында өзгөчө татаал жана өтө оор сыноолорду жүрөгү аркылуу өткөргөн жаркын инсандардын бири катары да улук. Ар кандай доордун, атүгүл эң агартуучулук замандардын да өз Улугбектери болгон жана боло берет... Эгерде падыша жана аалым катары Улугбектин башынан өткөн оор сыноолор жана ошого жараша сабырдуулук менен туруктуулук үлгүсү болбогондо, ал аалым катары мындай таанылбайт жана аны тар чөйрөдөгү адистерден башка эч ким билмек эмес. Эгер андай болгондо, дүйнөлүк адабиятта мындай улуу инсандардын жандуу образы жаралмак эмес, демек, Шекспир, Гёте, Томас Манн жана атүгүл Толстой да мындай бийиктикке жете алмак эмес", - деди ал.
Ошондой эле ал “Каракалпак баяны” үчилтиги тууралуу Төлөпберген Каипбергеновго жазылган кат өзүнүн чын жүрөктөн чыккандыгы менен көңүл бурарын белгиледи.
"Мен бүгүнкү күнгө чейин көптөгөн тарыхый чыгармаларды окудум. Алардын көбүндө башка аймактардан келген баскынчылар же өзүнүн күчтүү мамлекетин куруу кыялындагы өкүмдарлар душман катары сүрөттөлөт. Сенин баяныңда таптакыр башкача жагдай бар. Анда эл (Маманбий, Ойдус баба, Ерназар ола көз дагы) башка улуттарды жана элдерди душман деп эсептебейт. Тескерисинче, душмандар бул жакын айланадан – сени менен бир тилде сүйлөшөт, коңшу боз үйдө жашайт. Бул жагдай, менин оюмча, түрк тилдүү элдердин баарына мүнөздүү. Өткөн тарых муну далилдеп турат. Байыркы булактарда түрк элдеринин бири-бири менен согушканы, бири-бирине каршы көтөрүлгөнү тууралуу абдан көп, кенен жазылган. Бул үчүн аларга таарынбашыбыз керек. Эгер алар бири-бирин, пикирлештерин жана кан туушкандарын көрө билгенде, XX кылымда бизге түрк тилдүү жыйырмадан ашуун, бири-бири менен согушуп чарчаган хандыктардын мурасы калмак эмес. Селжуктар өз каалоосу менен өз мекени болгон Туронду таштап кетмек эмес. Эгер алар өз ара союздаш болгон болсо, Евразиянын борборунда Россия, Кытай, Индия, Иран сыяктуу чоң мамлекеттерди да түзүшмөк.
Чыңгыз Айтматов кылымга тете өмүр сүрдү. Ал өз чыгармачылыгында азыркы күндүн гана эмес, эртеңкинин, жакынкы келечектин да маанилүү, көптөр айта албаган маселелерин тайманбастык менен терең изилдеди. Окурмандарын ушул маселелер тууралуу ойлонууга, талдоо жүргүзүүгө, жыйынтык чыгарууга чакырды. Элдин тилинде жана жүрөгүндө турган, бышып жетилген, айтпай коюуга болбой турган көйгөйлөрдү коомчулуктун талкуусуна алып чыкты. Анын ар бир чыгармасы так социалдык позициясы, ачык жана курч көз карашы менен айырмаланып турчу. Ал өмүрүнүн акырына чейин өз сөзүн, Айтматовдун наамына мүнөздүү болгондой, түз жана ачык айтып келди", - деген Мелибоев анын повесттериндеги окуялар негизинен кыргыз жергесинде болгону менен бир кезде бирдиктүү Түркстан деп аталган байыркы аймакка түздөн-түз тиешелүү өзгөчөлүктөрдү камтый турганын кошумчалады.
Ал белгилегендей, жазуучунун айтымында: “Биз, адабиятчылар, жаңы тарыхый шарттарда жаңы маселелерге туш болдук. Адабияттын бүгүнкү милдети кечээки күндөгү милдеттен, интеллектуалдын коом алдындагы орду жана жоопкерчилиги кечээкисинен таптакыр айырмаланат. Жашоо, адамдардын турмуш образы, ой-жүгүртүүсү такыр өзгөрүп кетти. Азыр айта алам, жалгыз Өзбекстанда же Кыргызстанда эмес, бүтүндөй аймакта, бүткүл дүйнөдө өзгөчө тазалануу процесси жүрүп жатат. Өзүн таануу, өзүнө кайтуу мезгили келип жатат. Куурап калуу коркунучунда болгон, көздөрү жабылган булактардын көзү ачылууда. Жалпы адамзаттык аң-сезим түшүнүгүбүзгө сиңип жатат. Мындай шартта адабият өзгөрүүсүз калуусу мүмкүнбү? Эскиче жазуу, кечээки күндүн ийгиликтери менен канааттануу мүмкүнбү? Жок, мүмкүн эмес! Адабият эми чыныгы элдик, улуттук, руханий өнүгүүбүздүн берилген кызматчысы болушу керек".
"Чыңгыз ага бул талапка эң алгач өзү баш ийди. Ал гана эмес, анын повесть жана романдарынын каармандары дагы элге, мекенге кызмат кылууну жогорку адамдык милдет деп эсептешкен. Өзбек жана кыргыз тили, маданияты жана искусствосунда, элдик оозеки чыгармачылыкта, үрп-адат жана баалуулуктарда маанилүү окшоштуктар бар. Бул окшоштуктар маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүдө ар дайым өзгөчө роль ойноп келген. Изилдөөчү С. Максудхонов түрк адабиятынын эки улуу өкүлү – Алишер Навои жана Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы көркөм ой жүгүртүүнүн окшоштугуна көңүл буруп, бул окшоштукту Навоинин “Лайли жана Мажнун” поэмасынын каарманы Мажнун менен Айтматовдун “Кыямат” романынын каарманы Авдийдин жаратылышка, тилсиз макулуктарга болгон мамилеси жана ага байланыштуу иш-аракеттеринен көрүүгө болот.
"Лайли жана Мажнун" чыгармасында сүйүүнүн азабына туш болгон Кайс “Мажнун” деген атка ээ болот. Анын Лайлиге болгон сүйүүсү тегерегиндеги элге акылдан адашуу катары көрүнөт. Коомчулугу арасында Кайска түшүнгөн, санаалаш болгон жан табылбайт. Акырында ал “жапайы элдин достук жиптерин үзүп,” чөлдүн жапайы жаныбарларынын арасынан баш калка табат. Анын кайгысын талаа бугулары, жырткычтар түшүнөт. Навфал баштаган мергенчилерден корккон бугулар Мажнундун коңулуна жүгүрүшөт.
“Кыямат” чыгармасында Авдий адашкан, адамдык сапаттарын жоготуп бара жаткан, байлык, мал-мүлк үчүн ар кандай кылмышка, жамандыктарга, анын ичинде сайгактарды кырганга чейин барган адамдарды ынсапка, жакшылыкка чакырат. Бул окуядагы Авдий Мажнунга окшошуп кетет. Бирок эки чыгармадагы окуялардын чечилиши бири-биринен кескин айырмаланат: роман каарманынын душманы Обер-Кандалов жана анын шериктери Навфалдай адилеттүү эмес.
Дагы бир адабият таануучу окумуштуу Йулдош Солижановдун баамында, Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгынын өзбек адабиятына таасири тууралуу кеп салганда, эң оболу эки адабиятта жаралган каармандардын мүнөзүндөгү окшоштуктарды эске алуу зарыл. “Чыңгыз агайдын “Жаныбарым Гүлсары” жана өзбек жазуучусу Тогай Муроддун “Тулпар дүбүртүн уккан кеч” чыгармаларында адам кандай гана жагдайда болбосун, өзүнүн табиятын жоготпоосу, адамгерчилигин сакташы, адилет үчүн күрөшү, акыл-эс менен иш алып барышы, ар кандай кемчиликтерди ачык көрсөтүшү, инсан өз күчүн башкаруу менен ахлактык бийиктикке жетүү идеясы бириктирип турат.
Жазуучулардын бул асыл максаттары Танабай менен Зиёдулла, Гүлсары жана Тарлан образдары аркылуу алдыга сүрүлөт. Айтматовдун чыгармаларында чагылдырылган идеялык ойлор – адам менен коом, адам менен жаратылыш, адам менен жаныбарлар дүйнөсү, адам жана дин, сүйүү жана жек көрүү, жакшылык жана жамандык сыяктуу жалпы адамзаттык көйгөйлөрдү чагылдырып, муну жеткирүүгө кызмат кылган каармандар, алардын өз ара мамилелери, карама-каршылыктары өзбек чыгармачыл инсандары Исажон Султон, Улугбек Хамдам, Нормурод Норкобиловдун чыгармаларында да көрүнүп турат", - деп белгилейт Ахмаджон Мелибоев.
Ал белгилегендей, Чыңгыз Айтматов дүйнө боюнча жүзгө жакын адабий-көркөм, маданий-философиялык сыйлыктарга ээ болгон. Өзбекстандын президентинин жарлыгына ылайык, ага "Достук" жана "Улуу кызматы үчүн" ордендери тапшырылган. 2019-жылы Азербайжандын борбору Баку шаарында өткөн Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин жыйынтыгында Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Кеңешке мүчө мамлекеттердин заманбап адабият жана искусство, тарых жана архитектура жаатында чоң жетишкендиктерге жетишкен чыгармачыл инсандарын колдоо максатында Кеңештин алкагында Алишер Навои атындагы эл аралык сыйлыкты уюштуруу сунушун киргизген эле. Бул абройлуу сыйлык биринчи жолу 2022-жылы дүйнө биримдигине кошкон зор салымы үчүн улуу жазуучу жана коомдук ишмер Чыңгыз Айтматовго ыйгарылган.
Мындан бир топ жыл мурда таланттуу режиссёр Хамид Кахраманов Өзбекстандын эл акыны Абдулла Ориповдун "Жаннатка жол" жана "Сохибкирон" драмаларын Ош Мамлекеттик академиялык драма театрынын сахнасына койгон жана бул чыгармалар көп убакыт театрдын репертуарынан түшкөн эмес. Дал ушул сахнада Чыңгыз Айтматовдун "Жер эне" повестинин негизинде даярдалган спектакль көрсөтүлүп, Толгонайдын образын атактуу кыргыз актрисасы Бакен Кыдыкеева, калган образдарды өзбек актёрлору аткарган. Бул иш-чарада улуу жазуучу өз толкундануусун жашыра албай: "Боордошторум, достук жөнүндө жүз жолу сүйлөгөндөн көрө ушундай практикалык иш кылуу артык", — деп айткан эле.
Дагы бир белгилүү режиссёр Тожибой Исроилов Чыңгыз Айтматовдун "Кыямат" жана "Жээк бойлоп жорткон ала дөбөт" чыгармаларынын негизинде мазмундуу спектаклдерди жараткан.
Акын Турсунбай Адашбаев өз өмүрүн өзбек жана кыргыз элдеринин адабий байланыштарын өнүктүрүүгө арнаган. Ал Кыргызстанда "Манас", Өзбекстанда "Достук" ордени менен сыйланган. Мындай мисалдарды дагы көп келтирүүгө болот. Өзбек тилинде чыгармаларын жазган бир катар кыргызстандык жаштар Өзбекстан Жазуучулар союзунун ардактуу мүчөлөрү болушту.
"Эң негизгиси, бүгүн эки коңшу эл өткөн тарыхый сыноолордон сабак алып, бардык келишпестиктерди артка таштап, келечекте жакшы күндөрдү камсыздоого бекем ишеним менен тынчтык, ынтымак жана биримдик доорунун рухун сезип жатышат. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон быйылкы сапары жаңы келишимдер жана макулдашуулар, улуу Чыңгыз Айтматовдун элди улуу максатка үндөгөн осуятын жүзөгө ашырууда, кыргыз-өзбек мамилелерин жаңы маани-маңыз менен байытары талашсыз", - деп сөзүн жыйынтыктады ал.
Пикир
Оставить комментарий