Чыңгыз Эсенгул уулу казак тарап менен Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыкты талкуулады

Маданият 0

Бишкек, 02.07.24. /Кабар/. Күн мурун Астанада маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу Казакстандын туризм жана спорт министри Ермек Маржикпаев менен жолукту.

КР Маданият министрлигинен билдиришкендей, жолугушуу ушул жылдын сентябрь айында Астанада өтө турган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктын негизги аспектилерин талкуулоого арналды.

Ермек Маржикпаев кыргыз делегациясын жылуу тосуп, иш сапары үчүн ыраазычылык билдирип, Казакстан оюндарды өткөрүүгө даяр экенин ырастады. Ал V ДКОнун өлкөлөр ортосундагы маданий жана спорттук байланыштарды чыңдоодогу маанисин баса белгилеп, оюндардын башталышына болгону 69 күн калганын белгиледи.

Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө V ДКОдо күндүн символу бар логотип жана ыйык элемент катары суу колдонуу сыяктуу маанилүү салттык элементтер сакталып калганы айтылды.

Кошумчалай кетсек, оюндардын ачылыш аземинде кыргыз делегациясы спортчулардын парадын ачып, салтанатта ДКОнун расмий гимни жаңырат. Белгиленгендей, тексттин автору Уланбек Абдрахманов, обону Эмил Кенжекуловдуку.

Өз кезегинде Чыңгыз Эсенгул уулу жылуу кабыл алгандыгы үчүн казак тарапка ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын делегациясы спорттун 21 түрү боюнча катышарын ырастады. "Биздин спортчулар алдыдагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында өз өнөрлөрүн жана таланттарын көрсөтүүгө даяр", - деди ал.

Тараптар ДКО эки өлкөнүн элдерин бириктирген жана бүткүл дүйнөгө көчмөндөрдүн маданияты менен каада-салттарын көрсөткөн чоң окуя болоруна ишенерин ырасташты.

Жыйында ошондой эле кийинки оюндарды Кыргызстанда өткөрүү маселеси да талкууланып, тараптар мындан аркы кызматташууга даярдыктарын бекемдешти.

Пикир

Оставить комментарий