• 87
  • 90.41
  • 0.84

COVID-19 боюнча соңку маалыматтар. 243 учур катталып, төрт бейтап көз жумду

COVID - 19 0

Бишкек, 03.02.22. /Кабар/. Кыргызстанда 3-февралга карата коронавирус 243 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 124, Ош шаарында – 5, Чүй облусунда – 56, Ош облусунда – 5, Талас облусунда – 4, Нарын облусунда – 8, Ысык-Көл облусунда – 27, Жалал-Абад облусунда – 4, Баткен облусунда – 10 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 617 адам илдеттен сакайып чыкты, төрт бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 961 бейтап, амбулатордук түрдө 4 миң 181 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 198 миң 962 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 189 миң 392 киши айыгып чыкса, 2 миң 893 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий