• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Кыргызстанда бир суткада 1 миң 664 адам коронавируска каршы эмделди

COVID - 19 0

Бишкек, 07.11.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 1 миң 664 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 915 адам вакцинанын биринчи дозасын, 749 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 1 млн 13 миң 544 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 787 миң 33 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий