• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Бүгүнкү күндө эпидемиологиялык көзөмөл күчөтүлгөн жана катуу тартипте жүргүзүлүүдө - Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 21.04.20. /Кабар/. Бүгүнкү күндө эпидемиологиялык көзөмөл күчөтүлгөн жана катуу тартипте жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымымында, COVID-19 илдети чет өлкөлүк жарандардан биздин өлкөгө келген жок.

"Эң башында чек араларда күчөтүлгөн тартип киргизилген эле. Чет жактан өлкөгө коронавирусту киргизип албайлы деп көптөгөн иштерди жүргүзүп келгенбиз. Мындан улам биздин өлкөгө катуу тартипти киргизип алдыңар деп бир нече дооматтар болгон", - дейт ал.

Үсөнбаев белгилегендей, Кыргызстанга коронавирус келген учурда бүт баарын териштирип, тактап айтканда, аба каттамдар, чек арадан келгендердин баарынан анализ алынган.

"Өлкөдө илдет пайда болгондон бери кылынган аракеттин негизинде коронавирус жуктургандар менен байланышта болгон 8 миң 367 адам толугу менен көзөмөлгө алынган. Алардын 1 миң 940ы медкөзөмөлгө алынып, бир нече лабораториялык анализдерден өтүшкөн. Учурда эпидемиологиялык көзөмөл күчөтүлгөн тартипте жүрүүдө", - деди министрдин орун басары.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 590го жетти. Алардын ичинен 147си медицина кызматкери. Коронавирустан 216 жаран айыкса, каза болгондордун саны 7 адамды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий