• 87
  • 90.55
  • 0.84

COVID-19 боюнча соңку маалыматтар. Акыркы суткада 2,6 миң ПЧР-тест жүргүзүлдү

COVID - 19 0

Бишкек, 30.04.22. /Кабар/. Кыргызстанда 30-апрелге карата сутка ичинде лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинин жаңы учурлары катталган жок.. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматта айтылгандай, каза болгондор жана сакайгандар катталган жок. Акыркы суткада 2 миң 634 ПЧР изилдөө жүргүзүлдү.

Республика боюнча амбулатордук дарыланууда 9 адам бар.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 992 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 400 киши айыгып чыкса, 2 миң 991 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий