• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Вакцинанын коопсуздугу тууралуу маалыматты Med Safety тиркемесинен алса болот

COVID - 19 0

Бишкек, 29.07.21. /Кабар/. Вакцинанын коопсуздугу тууралуу маалыматты Med Safety тиркемесинен алса болот. Бул тууралуу Кыргыз-Россия Славян университетинин базистик жана клиникалык фармакология кафедрасынын башчысы, профессор Аида Зурдинова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, вакциналар клиникалык сыноонун 4-фазасынан өткөндө анын негизинде вакциналардын терс таасирлерине байкоо жүргүзүлөт.

“Бул көзөмөл бир нече булактардан келген билдирүүлөрдү талдоо жолу менен жүргүзүлөт. Улуттук деңгээлде маалымат булактары вакцинацияланган адамдардан, алардын ата-энелеринен жана саламаттыкты сактоо кызматкерлеринен чогулат. Ишти жигердүү жолго коюу жана вакциналардын жана дары-дармектердин коопсуздук профили жөнүндө маалыматты жаңыртуу үчүн мен эксперт катары медициналык кызматкерлерге гана эмес, коомчулукка Med Safety электрондук платформасын колдонууну сунуш кылам. Аны мобилдик телефондорго жүктөөгө болот”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий