• 88.68
  • 95
  • 0.95

Covid-19: Өзбекстан ар бир жаранына бирден вакцина сатып алууга ниеттенүүдө

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 24.11.20. /Кабар/. Өзбекстан өлкөнүн ар бир жараны үчүн Covid-19га каршы бирден вакцина сатып алууга буйрутма берди. Бул тууралуу The Economist басылмасы жазды.

Басылма жарыялаган тизмеде Өзбекстандан тышкар Индия, Латын Америка өлкөлөрү жана Индонезия да ар бир жаранына бирден вакцина сатып алуу боюнча буйрутма беришкен. Канада ар бир жаранына 10дон, Австралия менен Улуу Британия алтыдан, АКШ жана Европа өлкөлөрү үчтөн, Жапония менен Непал экиден вакцина сатып алууну көздөп жатышат.

Бүгүнкү күндө Өзбекстан кытай вакцинасын сыноонун үчүнчү баскычына катышып жатат. Буга чейин өлкө 2021-жылдын июнь айына чейин калктын 60% коронавируска каршы эмдөөдөн өткөрүүнү пландап жатканы кабарланган.

Пикир

Оставить комментарий