Бишкек, 27.04.22. /Кабар/. Коронавируска каршы Республикалык штаб COVID-19га ПЧР-тест тапшырууга кантип даярдануу керектиги тууралуу маалымат таратты.
Изилдөө үчүн тамак безинен, таңдайдан жана алкым бездеринен мазок алынат. Алкым көңдөйүнөн мазок алганда зонд мурун көңдөйүнө жетишерлик терең киргизилет.
ПЧР-тесттин жыйынтыгынын аныктыгы мазок алуу эрежелерин сактоодон көз каранды.
Алкым бездеринен мазок алганга чейин 3 саат мурда:
- тамактанууга
- суюктук ичүүгө
- тишти тазалоого
- оозду/тамакты чайкоого
- ооз көңдөйүн сергитүүчү спрей колдонууга
- сагыз чайноого
- чылым чегүүгө болбойт.
Мурун көңдөйүнөн тест үчүн мазок алганга чейин 3 саат мурда: мурунду жууганга, мурун үчүн спрей, тамчылатма, майларды колдонууга болбойт.
Тест үчүн мазок тапшырардын алдында 2 күн алкоголдук ичимдиктерди ичүү сунушталбайт.
Пикир
Оставить комментарий