Эл аралык изилдөөлөргө ылайык COVID-19 инфекциясы кош бойлуу аялдарда олуттуу кыйынчылыктардын пайда болуу тобокелдигин арттырат. Мындай учурда коронавируска каршы эмдөөнүн пайдасы эмделүүгө байланыштуу кооптонуулардан жогору турат. Болочок эне алган вакцина түйүлдүктүн туура эмес өсүшүнө же бойдон түшүүгө алып келүүсү мүмкүнбү? Кош бойлуу айымдар үчүн кандай каршы көрсөтмөлөр бар? Мына ушул суроолорго Кыргыз акушер-гинекологдор ассоциациясынын президенти, профессор Арсен Аскеров жооп берди.
- Кош бойлуу аялдар COVID-19га каршы эмдөө алса болобу?
- Кош бойлуу аялдардын эмделүүсү эл аралык акушер-гинекологдор уюмдары тарабынан сунушталган. АКШда жана Европа өлкөлөрүндө бул категориядагы адамдардын арасында иммундоо эки жылдан бери жүргүзүлүүдө. Коронавируска каршы эмдөөнү кош бойлуулуктун 21-22-жумаларынан баштап алышат. Экинчи дозасын бир айдан кийин алса болот. КМШ өлкөлөрү боюнча бул багытта Россия активдүү иштеп жатат, Казакстанда – орточо.
- Кыргызстанда боюнда бар аялдарды эмдөө боюнча иштер кандай жүрүүдө?
- Болочоктогу энелерге иммундоонун пайдасы тууралуу көп маалымат берүү зарыл. Алар үчүн өзүн жана баланы коронавирус илдетине чалдыгуу коркунучунан сактап, эмдөө жасагандары оң. Азырынча бизде кош бойлуулар эмдөөдөн активдүү өтпөй жатышат.
- Мындай жигерсиздиктин себеби эмнеде деп ойлойсуз?
- Бейтаптар вакцина алаардын алдында толук текшерүүдөн өтүүнү чечишет. Анын жүрүшүндө саламаттыгына байланыштуу кандайдыр бир көйгөйлөрдү аныкташат. Жада калса абсолюттук эмес, салыштырмалуу каршы көрсөтмөлөр болсо дагы эмдөөнү жылдырып турууну чечишет.
- Кандай абсолюттук каршы көрсөтмөлөр жана терс таасирлери бар?
- Аялдарга эч кыйынчылыксыз өтүүчү кош бойлуулукта кездешпөөсү керек болгон гипертермия, жеңил чарчоо, баш оору сыяктуу терс таасирлери тууралуу маалымдашууда. Жүрөк-кан тамыр жана кан ооруларынан жабыркагандарга эмделүүгө болбойт. Ошондой эле кош бойлуулук учурунда гипертензиялык бузулуулар же кандын уюшунун бузулуулары, бөрү жатыш антикоагулянтынын көбөйүшү пайда болгон шартта дагы.
- Кош бойлуу аялдын организмине кирген вакцина түйүлдүккө түздөн-түз таасир береби?
- Жок, вакцина плацентага кирбейт жана түйүлдүктүн өсүүсүнө таасирин тийгизбейт. Баланын тонунун тоскоолдуктары анын фрагменттерин өткөрбөйт. Вакцина аялдын өзүнүн гана иммундук системасы менен иштөөгө багытталган.
- Ошентсе дагы вакцина баланын оорушуна же анын туура эмес өсүшүнө алып келбейби?
- Жок. Коргоочу тоскоолдуктардан улам вакцина түйүлдүккө түз таасир бербейт. Вакциналарда түйүлдүккө же кош бойлуу аялга зыян келтире турган заттар жок.
- Вакцина бойдон түшүп калууга себеп болушу мүмкүнбү?
- Вакцина бойдон түшүп калуу, ай-күнүнө жетпей төрөп коюу же башка бузулуулардын тобокелдигин жогорулатпайт. Башка себептерден улам бойдон түшүп калышы мүмкүн. Бардык башка дарылар сыяктуу эле эмдөөнүн дагы терс таасирлери болушу ыктымал. Бирок, бойдон түшкөн шартта так айырмалоо зарыл. Ар кандай себептер бар, мисалга алсак, урогениталдык инфекциялар, алар кыйла кооптуу.
- Бала эмизген аялдар эмделсе болобу?
- Алгачкы мезгилде биз үчүн ымыркайдын эч нерсе менен оорубашы маанилүү. Биринчи айда эмчек сүтүндө иммунологиялык резервдер жетиштүү. Ал эми неонаталдык мезгилден кийин, бир-эки айдан соң эмдөө жөнүндө ойлонсоңуз болот. Биз вакцина алууну сунуштайбыз, өзгөчө коронавируска чалдыкпагандарга. Бирок, төрөт учурунда кан кетип, операция болгон же тромбоз коркунучу бар болсо, анда вакцина алууга болбойт.
- Антитела эненин сүтү аркылуу балага берилиши мүмкүнбү?
- Бала эмизген аялда иммундук жооптун калыптанышында антителолордун бөлүгүнүн балага өтүү ыктымалдыгы бар. Эмчектин сүтү жалпы иммундук антителолордон тышкары коронавируска каршы атайын антителолорго байыйт. Бул абдан жакшы.
Пикир
Оставить комментарий