• 87.3
  • 94.96
  • 0.98

Кыргызстан боюнча обсервацияда 1 миң 336 адам жатат - Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 19.06.20. /Кабар/. Кыргызстан боюнча обсервацияда 1 миң 336 адам жатат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Ал эми Үсөнбаев белгилегендей, коронавирус жуктургандар менен 11 миң 609 жаран байланышта болгон.

Анын айтымында, байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал.

Белгилей кетсек, 19-июнга карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 2789 учур катталды. Илдеттен 1961 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 32 адам (+1 учур бүгүн катталды) каза болду.

Пикир

Оставить комментарий