• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Жалал-Абадда мамлекеттик тилдин өнүгүүсүнө салым кошкондор сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 21.01.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн бир катар кызматкерлер Ардак грамота жана төш белгилерге ээ болду. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жыйынга Улуттук комиссиянын тил саясаты жана уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Аида Ишеналиева катышып, президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын сыйлыктарын тапшырды.

Аида Ишеналиева кызматкерлерди облус аймагында кыргыз тилин өнүгүүсүнө жана анын колдонуу чөйрөсүн кеңейтүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Мындан сырткары, кыргыз тилин өнүктүрүүгө өлкө жетекчилиги тарабынан да өзгөчө көңүл бурулуп жатканына токтолду. Өткөн жылы Мамлекеттик тил комиссиясы өлкө башчысынын Жарлыгына ылайык, "КР президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы" болуп кайрадан түзүлгөнүн белгиледи.

Аталган комиссия кеңейтилген укуктарга ээ болуп, бардык жогору органдардын, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердеги иш кагаздардын кыргыз тилинде жүргүзүлүүсүн текшерүүгө алып, жакшыртуу боюнча сунуштарын берип келүүдө.

Пикир

Оставить комментарий