• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Дүйнө чемпионаты (U-17): Эркин күрөш боюнча эки балбан финалга чыкты

Спорт 0


Бишкек, 23.08.24. /Кабар/. Кыргызстандын эркин күрөшү боюнча өспүрүмдөр (U-17) курама командасынын мүчөлөрү Курсантбек Исаков менен Рустамжан Кахаров Иордания Амман шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын финалына чыгышты.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, Курсантбек Исаков 55 кг чейинки салмак категориясында катышууда. Ал алгач япониялык, андан кийин казакстандык балбанды жеңип, финалга чыгуу үчүн америкалык Киану Дж. Диллард 10:2 эсебинде утуп алды. Эми ал алтын медаль үчүн кубалык балбан Иосиф Иван Бахманн менен күч сынашат.

Ал эми Рустамжан Кахаров 65 кг чейинки салмак категориясында катышууда. Кыргыз балбаны алгач ирандык, андан кийин австралиялык жана грузиялык балбандарды артка таштап, жарым финалдык беттеште казакстандык Бакдаулет Акимжандын 12:5 эсебинде утуп, финалга жолдомо алды. Кахаров чечүүчү беттеште россиялык балбан Рамазан Абдулкадыров менен күч сынашат.

Пикир

Оставить комментарий