• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын ордо боюнча курамасы алтын медалга татыды

Спорт 0

Бишкек, 13.09.24. /Кабар/. Кыргызстандын ордо боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Астана шаарында өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жеңүүчүсү аталды.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, курама команда Россия, АКШ жана Тажикстандын курама командаларын 2:0 эсебинде жеңген.

Финалдык оюнда Казакстанды да 2:0 эсебинде утуп, алтын медалды багындырды.

Курама команда Жаныбек Айталиевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

Пикир

Оставить комментарий