Дайырбек Орунбеков ЕККУнун өкүлү Тереза Рибейро менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 05.07.23. /Кабар/. Кыргызстандын президентинин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмунун жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндиги маселелери боюнча өкүлү Тереза Рибейро менен жолугушту.

Жолугушуу жүрүшүндө Кыргызстандын медиа тармагында болуп жаткан акыркы өзгөрүүлөр туурасында пикир алмашуу болду. Негизинен, ЕККУ өкүлү Кыргыз Республикасынын “ЖМК жөнүндө” мыйзам долбоору менен учурда таанышып жатканын жана анын жыйынтыгында өздөрүнүн сунуштарын бере турганын билдирди.

Өз кезегинде, Дайырбек Орунбеков “ЖМК жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү учурдун талабы экенин, маалымат таркатуу принциптери жана медиа ресурстарынын өзгөргөнүн, мыйзамдагы өзгөрүүлөр улуттук кызыкчылыктарды эске аларын белгиледи.

“Мыйзам долбоору беш жолу толукталды, жумушчу топ түзүлүп, анын басымдуу бөлүгүн медиа өкүлдөрү түздү. Алардын сунуштары дагы эске алынды. Бул Кыргызстанда сөз эркиндиги, медиа өкүлдөрүнүн орду жогору экенинен кабар берет”, - деди Дайырбек Орунбеков.

Ошондой эле, мыйзам долбоору мааалымат жүргүзүүдө мамлекеттин коопсуздугуна, улуттун моралдык принциптерине коркунуч жарата турган жагдайларга жол берилбеши керектиги эске алынганын кошумчалады.

Тараптар жаңы мыйзам долбоору жыйынтыгында медиа-чөйрөнүн бардык катышуучуларына ыңгайлуу документ болуп каларына ишенимдерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий