Бишкек, 12.09.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков Сербиядагы грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты.
Жоламан Шаршенбеков 60 кг салмакта грек-рим күрөшү боюнча мелдештин 1/8 финалынан баштап катышууда. Анын алгачкы атаандашы венгриялык Кристиан Кечкемети болуп, Шаршенбеков аны 8:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда утуп алды. Ал эми чейрек финалда АКШнын балбаны Ильдар Хафизов менен күчүн сынап, беттеш башталары менен Жоламан атаандашынын далысын басып, таза жеңишти камсыздады.
Грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдеш 10-18-сентябрда Белград шаарында өтүүдө.
Эскерте кетсек, буга чейин Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында алтын медаль уткан.
Күрөш боюнча дүйнө чемпионатына Кыргызстандын атынан 15 спортчу аттанган.
Пикир
Оставить комментарий