• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бишкекте гитарист Даниал Назарматовдун 80 жылдыгына арналган иш-чара өттү

Маданият 0

Бишкек, 05.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 5-февралда кыргыздын туңгуч профессионал гитаристи, музыка таанучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери Даниал Назарматовдун 80 жылдыгына арналган иш-чара жана Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан жарыяланган республикалык гитаристтердин сынагы жыйынтыкталды.

Маалыматка ылайык, иш-чарага КР маданият министри Азамат Жаманкулов, Даниял Назарматовдун үй- бүлөсү, коомдук-маданий ишмерлер, музыкалык окуу жайлардын жетекчилери жана гитара сүйүүчүлөр катышты.

Азамат Жаманкулов иш-чаранын ачылышында Даниал Назарматовдун өмүрү чыгармачылыгы, басып өткөн жолу тууралуу кайрылуу жасап, өмүрү өрнөк болгон инсандын кыргыз маданиятынын өнүгүп өсүшүнө кошкон салымы жана жетекчи катары иш алып баруусу жөнүндө сөз сүйлөдү.

Министр ошондой эле Даниал Назарматов күү өнөрүнө болгон өзгөчө мамилеси менен Карамолдо Орозовдун “Жаш Кербез”, “Көкөй кести”, “Ибарат” Асанбек Кыдырназаровдун “Кыргыз көчү”, Атай Огомбаевдин “Ой булбул”, “Гүл” аттуу күүлөрүн, обондорун, улуу композитор Вивальдинин № 2 концертинин биринчи бөлүмүн, А.Малдыбаевдин, К. Молдобасановдун, С. Медетовдун обондорун, чыгармаларын гитара үчүн кайрадан иштеп чыкканын белгилеп өттү.

Андан соң, гитара өнөрүнө кошкон өзгөчө салымы үчүн бир катар мугалимдерге Маданият министрлигинин сыйлыктары жана республикалык гитаристтердин сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды.

Иш-чара концерттик программа менен коштолду.

Даниял Назарматов 1940-жылдын 4-февралында Нарын шаарында төрөлгөн. 1964-1968-жылдары Москвадагы П.И.Чайковский атындагы консерваториянын алдындагы музыкалык окуу жайында А.М. Крамскойдун гитара классына кабыл алынып, ийгиликтүү бүтүргөндөн кийин, алгычкы эмгек жолун Кыргыз мамлекеттик Муратаалы Күрөңкеев атындагы окуу жайында гитара классы боюнча сабак берүү менен баштап, көптөгөн таланттуу жаштарга жол ачып берген.

1970-1971-жылдары билимин кеңейтүү максатында Кыргыз мамлекеттик Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунун “Музыка таануу” бөлүмүнө тапшырып, ийгиликтүү аяктаган.

1969-1971-жылдары П.Ф.Шубин атындагы музыкалык мектепте директордун орун басары, 1976-1982-жылдары Кыргыз мамлекеттик Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда көркөм жетекчи, директор, 1987-жылдан Бүткүл союздук музыкалык коомдун Кыргызстандагы бөлүмүнүн директорунун орун басары, Кыргыз мамлекеттик А. Малдыбаев атындагы опера жана балет таетрынын директору, 1991-1993-жылдары Кыргыз Республикасынын Маданият министри болуп иштейт. 1990-1995-жылдары Жогорку Кеңештин биринчи чакырылышында депутаттыкка шайланган жана Кыргыз Улуттук консерваториясында профессор, 1983-жылы СССР композиторлор союзуна мүчөлүккө кабыл алынып, кыргыз комузчуларынын обондорун, композиторлорунун күүлөрүн жана обондорун гитара үчүн иштеп чыгып, кесиптик музыкалык мектептерге жана жогорку окуу жайларына окуу куралдарын даярдаган.

Пикир

Оставить комментарий