• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Болотбек Абдрахманов “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинин директору болуп дайындалды

Маданият 0

Бишкек, 07.08.23. /Кабар/. Болотбек Абдрахманов “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин директору болуп дайындалды. Аны кызматка дайындоо боюнча Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин буйругу чыккан.

Министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашкандаЙ, жаңы дайындалган директорду эмгек жамаатка маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу тааныштырып, алдыдагы иштерине албан ийгиликтерди каалады.

Абдрахманов Болотбек Жумашевич 1958-жылы Ысык-Көл облусунун Тамчы айылында туулган.

Жогорку билимдүү, 1975 – жылдан 1980-жылга чейин Фрунзе шаарындагы Политехникалык институтунун механикалык факультетин аяктаган;

1987-жылы Москва шаарындагы СССР Мамлекеттик коопсуздук комитетинин Дзержинский атындагы жогорку мектебинде билим алган.

Ж. Баласагын атындагы КУУнун Тарых жана чөлкөм таануу факультетин бүтүргөн, тарых илимдеринин доктору;

Эмгек жолу:

1982-жылдан 1984-жылга чейин Автотехкызмат системасында инженер;
1984-1985-жылдары - Фрунзе шаарындагы Кыргызстан Октябрь ЛКСМ РК 2-катчысы;
1985-жылдан 1987 – жылга чейин Москва шаарындагы Дзержинский атындагы СССР КГБнын Жогорку мектебинин угуучусу;
1987-жылдан 2006-жылдын январына чейин-Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы;
1994-1998-жылдары – Кыргыз Республикасынын Улуттук Коопсуздук кызматынын маалымат-аналитикалык борборунун начальниги;
1998 – жылдан 2002-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук Коопсуздук кызматынын Ысык-Көл, 2002-2006-жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук Коопсуздук кызматынын Чүй облустук башкармалыгынын башчысы;
2010-жылдын майынан 2011 – жылдын январына чейин-Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору.
2017-жылдын сентябрынан 2018-жылга чейин И. Арабаев атындагы КМУда доценттин милдетин аткаруучу;
2019-жылдан бүгүнкү күнгө чейин "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде илимий кызматкер болуп эмгектенген.

Пикир

Оставить комментарий