• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

2023-жылдын I жарым жылдыгында соцжардам көрсөтүүгө 9,6 млрд сом бөлүндү

Коом 0

Бишкек, 07.08.23. /Кабар/. 2023-жылдын I жарым жылдыгында калкка социалдык жардам көрсөтүү максатында республикалык бюджеттен 9,6 млрд сом өлчөмүндө каражат бөлүнгөн.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен:

- 16 жашка чейинки балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жөлөкпул "Үй-бүлөгө көмөк" - 2,7 млрд сом;
- "Балага сүйүнчү" баланын төрөлгөндүгү үчүн бир жолку жөлөк пул - 292,1 млн сом;
- социалдык жөлөкпулдар - 4,2 млрд сом;
- кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдар - 287,4 млн сом;
- сөөк коюу кызматтарын көрсөтүүгө - 37,2 млн сом;
- калкка жеңилдиктердин ордуна компенсациялар (Экинчи дүйнөлүк согуштун катышуучулары, Чернобыль АЭСинин катышуучулары ж.б.) - 515,6 млн.
- кесиптик окууга чыгашалар (жумушсуздарды окутууга) - 17,2 млн сом;
- коомдук иштерди уюштурууга кеткен чыгымдар - 29,4 млн сом;
- аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн социалдык контракт - 987 млн сом;
- туруктуу камкордукка жана көзөмөлгө муктаж болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баланын жеке жардамчысы үчүн - 568,2 млн сом;

Пикир

Оставить комментарий