• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Караколдо 200дөн ашык велосипедчинин катышуусунда эл аралык веложүрүш старт алат

Коом 0

Бишкек, 07.08.23. /Кабар/. 12-августта Каракол шаарында “Silk Road Mountain Race 2023” эл аралык веложүрүш старт алат. Ага дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнөн келген 200дөн ашык велосипедчи катышат. Бул тууралуу Туризм департаментинен кабарлашты.

Веложүрүш Кыргызстандын аймагы аркылуу 1 880 чакырым узундуктагы төмөнкү маршруттар боюнча өтөт: Каракол - Эӊилчек - Саруу – Жукуу ашуусу - Нарын – Кел-Суу - Баетов - Казарман – Соӊ-Көл - Кегети – Чоӊ-Кемин - Көк-Айрык ашуусу менен өтүп, 26-августта Чолпон-Ата шаарында аяктайт. Маршруттун жалпы узундугу 1 800 чакырым, 30 640 метр көтөрүлүү.

2018-жылдан бери “Silk Road Mountin Race” Туризм департаментинин, ошондой эле атамекендик туристтик компаниялардын колдоосу менен Кыргызстанда “Silk Road Mountin Race” эл аралык веложүрүшүн уюштуруп, өткөрөт. Бул иш-чарага чет элдик 200дөн ашык туристтер дүйнөнүн 30 өлкөсүнөн катышып келишет. Кыргызстандын аймагында мындай мелдештерди илгерилетүүнүн маанилүүлүгү чет өлкөлүк туристтердин көп көңүлүн бурат жана өлкөдө туризмдин өнүгүшүнө түрткү берет.

Иш-чара Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү жана туристтерди тартуу максатында КР Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаментинин жана британиялык "SRMR" компаниясынын колдоосу менен уюштурулууда. Кошумча суроолор боюнча байланыш номери: 0755 201-953 (Регина).

Пикир

Оставить комментарий