• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Тажикстанда ири жол кырсыгында каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок

Кырсык 0

Бишкек, 07.08.23. /Кабар/. Тажикстанда ир жол кырсыгында каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 6-августта кечки саат 19:30да "Душанбе - Куляб - Хорог" унаа жолунда Куляб шаарынын аймагында ири жол кырсыгы катталган. Анда "Дулон" үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа тормоз системасынын иштен чыгышынан улам бир нече жеңил унааларды жана эки турак жайды сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен 13төн ашуун адам каза болуп, 20дан ашык адам жаракат алган. Так саны такталууда.

"Тажик президенти Эмомали Рахмондун тапшырмасы менен окуя болгон жерге Ички иштер, Саламаттыкты сактоо министри, Хатлон облусунун башчысы жана башка расмий адамдар жөнөп кетишти", - деп айтылат маалыматта.

Тышкы иштер министрлигинин алдын ала маалыматы боюнча, каза болгон жана жабыр тарткандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок.

Пикир

Оставить комментарий