• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кыргыз-кытай чек арасында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 08.04.20. /Кабар/. 8-апрелде саат 03:51де кыргыз-кытай чек арасында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

УИАнын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогу кыргыз-кытай чек арасында Көк-Суу айылынан түндүк-чыгышты карай 19 чакырым, Эркечтам айылынан түндүк-батышты карай 20 чакырым, Икизяк айылынан түндүк-чыгышты карай 23 чакырым, Нура айылынан түндүктү карай 26 чакырым, Ош шаарынан түштүк-чыгышты карай 120 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Калк жашаган аймактарда жердин силкинүүсү - Көк-Суу айылында – 4 балл, Икизяк айылында -3,5 балл, Нура айылында – 3 баллга жеткен.

Алдын ала маалымат боюнча кыйроолор жана жабыркагандар жок.

Пикир

Оставить комментарий