• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Денис Петрашов Кыргызстандын атынан үчүнчү ирет Олимпиадага катышканына сыймыктанарын билдирди

Спорт 0

Бишкек, 01.08.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Кыргызстандын атынан үчүнчү ирет Олимпиадага катышканыма сыймыктанам, - деп билдирди суучул Денис Петрашов.

Спортчу социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кайрылып, кыргызстандыктардын колдоосу болбогондо мындай ийгиликтерге жетмек эместигин айтты.

30-июлда кыргызстандык спортчу 200 метрди брасс ыкмасы менен сүзүү мелдешине катышты. 25 суучулдун ичинен ал 16-орунду ээлеп, жарым финалга жолдомо алды. Жарым финалда болсо, 14-орунга жайгашты.

Муну менен Денис Петрашов Кыргызстандын тарыхында Олимпиада оюндарында жарым финалга чыга алган биринчи суучул болуп калды.

Эске салсак, 1996-жылы Сергей Ашихмин, Андрей Квасов, Дмитрий Лапин жана Виталий Васильевден турган Кыргызстандын курама командасы 200 метрди эркин стилде сүзүүдө 17 команданын ичинен 17-орунду ээлеген. Ал эми 100 метрлик жарышта 19 команданын арасынан 18-орунга жайгашкан.

24 жаштагы суучул, төрт жолку Азия чемпиону Денис Петрашов 2016-жылы Рио-де-Жанейродо өткөн Олимпиадага катышып, өз командасынын тарыхындагы эң жаш олимпиадачы болуп калган. 2016-жылдын ноябрь айында сууда сүзүү боюнча Азия чемпионатында ушул эле дисциплинанын финалдык бөлүгүнө чейин жетип, 6-орунду ээлеген. Токиодогу Олимпиадада Денис Петрашов 200 метрди брасс ыкмасы менен сүзүүдө 18-орунду ээлеген болчу. Спортчу бир нече эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү. Петрашов сууда сүзүүнүн брасс ыкмасы боюнча 50, 100 жана 200 метр аралыкта бир канча ирет Кыргызстандын рекордун жаңырткан.

Спорттогу жетишкендиктери:

  • Ислам шериктештик оюндарынын алтын медалынын ээси, брасс ыкмасы менен 100 метрге сүзүү (Конья, 2021)
  • Ислам шериктештик оюндарынын коло медалынын ээси, брасс ыкмасы менен 50 метрге сүзүү (Конья, 2021);
  • Ислам шериктештик оюндарынын коло медалынын ээси, брасс ыкмасы менен 200 метрге сүзүү (Конья, 2021);
  • Маккабиада оюндарынын алтын медалынын ээси, брасс ыкмасы менен 100 метрге сүзүү (Израиль, 2022);
  • Маккабиада оюндарынын алтын медалынын ээси, брасс ыкмасы менен 200 метрге сүзүү (Израиль, 2022);
  • Азия чемпионатынын алтын медалынын ээси, брасс ыкмасы менен 100 метр (Ташкент, 2017);
  • Азия чемпионатынын алтын медалынын ээси, брасс ыкмасы менен 200 метр (Индия, 2019);
  • Азия чемпионатынын алтын медалынын ээси, брасс ыкмасы менен 200 метр (Филиппин, 2024);
  • Азия чемпионатынын алтын медалынын ээси, брасс ыкмасы менен 50 метр (Филиппин, 2024);

Мамлекеттик сыйлыктары:

  • Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Денис Петрашов “Даңк” медалы менен сыйланган (2021).

Пикир

Оставить комментарий