Бишкек, 22.02.19 /Кабар/. Кыргызстан башынан эле агрардык өлкө болгондуктан, органикалык айыл чарба өндүрүшүнө өтүүгө баардык мүмкүнчүлүктөр бар. Бул тууралуу депутат Махабат Мавлянова Жогорку Кеӊеште өтүп жаткан органикалык айыл чарбанын азыркы абалы менен анын келечегине арналган конференциянын жүрүшүндө билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстандын калкынын 65 пайызы элет жергесинде жашап, алардын күндөлүк турмушу кандайдыр бир деӊгээлде айыл чарба тармагы менен байланышкан. Бирок, барган сайын айыл чарба өнүмдөрүн өстүрүү менен алектенген жарандарыбыздын саны кыскарууда. Муну анын өлкөнүн ички дүӊ өнүмүнө карата катышынан эле байкасак болот. Мисалы, 1996-жылы айыл чарбасынын үлүшү 43,9 пайызды түзсө, азыркы учурда 15 пайызга да жетпей калды.
"Ушу тапта Кыргызстанда өндүрүлгөн айыл чарба өнүмдөрү дүйнөлүк рынокто атаандаштык жарата албайт, андай өнүмдөрдү өстүрө да албайбыз. Ошондон улам, аларды экспортко чыгарган компанияларда өнүмдөрдүн көлөмүн аныктоо жана сапатын тастыктоо жаатында көптөгөн көйгөйлөр жаралууда. Эгерде андай көйгөйлөрдөн азыртан арылып, өстүрүлгөн өнүмдөрдүн сапатын жакшырта албасак, тышкы рыноктон эле эмес, ички рыноктон дагы сүрүлүп калышыбыз мүмкүн. Менимче, органикалык айыл чарба өндүрүшүнө өтүү чараларын колго алсак, экологиялык жактан таза өнүмдөрдү өстүрүүгө жол ачат», - деди Мавлянова.
Андан сырткары, депутат Кыргызстан башынан эле агрардык өлкө болуп келгендиктен, органикалык айыл чарба өндүрүшүнө өтүп, өстүрүлгөн өнүмдөрдүн сапатын жакшыртуу аркылуу эл аралык рынокко экологиялык жактан таза өнүм бренди менен чыгууга баардык мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи.
"Эгерде биз мындай демилгени ишке ашыра алсак, анда калкыбыз экологиялык жактан таза азык-түлүк менен камсыз болуп, саламаттыгы жакшырат. Ал өлкөдө экотуризмдин өнүгүшүн шарттайт. Экологиялык жактан таза өнүмдөрдү баасы башкаларга салыштырмалуу кымбат болгондуктан, аны өстүргөн жана өндүргөн дыйкандар менен фермерлер үчүн, аны кайра иштеткен жана рынокко чыгарган ишкерлер менен компаниялар үчүн кыйла пайдалуу болору бышык", - дейт Мавлянова.
Белгилей кетсек, Органикалык айыл-чарбасын изилдөө институтунун (FiBL) маалыматына караганда, дүйнөдө органикалык айыл-чарбасына бөлүнгөн жерлердин аянты кеӊейүүдө. Мисалы, ал 2016-жылы 58 млн гектарды түзгөн. Ошондой эле, «эко», «био» же «органик» белгилери менен өндүрүлгөн өндүрүмдөргө карата суроо-талап күчөп, аларды сатуунун дүйнөлүк рыногу жылына 90 млрд долларга өскөн.
Мына ушундай жагымдуу жагдайлар эске алынуу менен улам, депутат Махабат Мавлянованын демилгеси боюнча Жогорку Кеӊештин өлкөнүн органикалык айыл-чарбасын өнүктүрүү жөнүндө токтомунун долбоору иштелип чыкты.
Пикир
Оставить комментарий