• 88.68
  • 95
  • 0.95

Түп районунун эки тургуну "Хизб ут-Тахрирдин" мүчөлүгүнөн чыгышты

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.02.19. /Кабар/. Түп районунун эки тургуну "Хизб ут-Тахрир" диний экстремисттик уюмунун мүчөлүгүнөн чыгышты. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы билдиргендей, алар диний экстремизмге каршы күрөшүү боюнча иштерди тынымсыз өткөрүп турат. Алардын жүргүзгөн түшүндүрүү иштеринин жыйынтыгында ал уюмдан 50дөн ашык адам чыккан.

"Жакында өлкөдө тыюу салынган "Хизб ут-Тахрир" уюмуна кирген Түп районунун эки тургуну андан расмий түрдө чыгышты. Алар өзүнүн каталарын моюндап, динге ишенгендерди жалган идеологияга азгырылбашына үндөдү", - деп билдирет милиция кызматы.

Эскерте кетсек, дүйнөнүн бир катар мамлекетинде, анын ичинде Кыргызстанда "Хизб ут-Тахрир" уюмунун ишмердигине тыюу салынган.

Пикир

Оставить комментарий