• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Депутаттар Кыргыз-Венгрия өнүктүрүү фондун түзүү маселесин карашты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 14.07.21. /Кабар/. Бүгүн, 14-июлда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар “2021-жылдын 8-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Венгрия өкмөтүнүн Кыргыз - Венгрия өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоорун экинчи окуудан карашты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагасы Тазабек Икрамовдун айтымында, мыйзам долбоору комитеттин отурумунда каралган. Белгилей кетсек, фондунун уставдык капиталы 16 млн долларын түзөт, ал кийинчерээк 50 млн долларга жетүүгө тийиш.

Фонд инвестицияларды тартуучу жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруучу аянтча болуп калмакчы. Директорлор кеңеши 5 кишиден турат, алардын үчөө Кыргызстан, экөө Венгрия тараптан. Талкуунун жыйынтыгында мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Кеңешмеде ошондой эле “1973-жылдын 18-майындагы Бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана шайкеш келтирүү жөнүндө эл аралык конвенцияга (1999-жылдын 26-июнундагы Бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана шайкеш келтирүү жөнүндө эл аралык конвенцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун редакциясына) Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу” Мыйзамдын долбоору экинчи окуудан каралып, добуш берүүгө жиберилди.

Пикир

Оставить комментарий