Бишкек, 14.07.21. /Кабар/. Түптө куткаруучулар сууга чөгүп кеткен баланы табышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлдигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, кечээ, 13-июлда саат 15:40 чамасында Ысык-Көл облусунун Түп районунун Кудургу айылында көлгө 2005-жылы туулган Ч.А.Б аттуу бала чөгүп кеткен.
Жерине 4 куткаруучу тартылып, саат 19:30да караңгы кирип кеткендигине байланыштуу издөө иштери токтотулган.
Бүгүн, 14-июль күнү куткаруучулар тараптан маркумдун сөөгү саат 12:03дө суудан табылып милиция кызматкерлерине өткөрүп берилди.
Пикир
Оставить комментарий