• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкек – Торугарт жолунда ВАЗдын айдоочусу кайгуул унаасын сүзүп алды (видео)

Кырсык 0


Бишкек, 08.06.21. /Кабар/. Кечээ Бишкек –Торугарт унаа жолунда болжол менен саат 17:30дар чамасында кайгуул унаасы “Дэу Нексия” жана ВАЗ 2114 унааларынын катышуусунда жол кырсыгы болду.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы агенттикке билдиргендей, кырсыктан жабыркагандар жок.

Кырсык болгон учурда кайгуул унаасы жол кыймылынын эрежесинин бардык талаптарын сактоо менен бурулууну көздөгөн, бирок артта келе жаткан ВАЗ унааны сүзгөн.

Алдын ала маалымат боюнча, ВАЗ жогорку ылдамдыкта келе жаткан.

Азыркы учурда эки унаа тең бардык жагдайлар такталганга чейин айып аянтына токтотулду.

Пикир

Оставить комментарий