• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Токмокто уурулукка шектүү жарандар кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 08.06.21. /Кабар/. Токмокто уурулукка шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 29-май күнү Токмок шаарынын ИИБине 40 жаштагы Б.О. аттуу жергиликтүү жашоочу арыз менен кайрылып, анын үйүнө белгисиз бирөөлөр кирип, “Вепрь-КМ” үлгүсүндөгү аңчылык мылтыгын жана 7,62х39мм калибрдеги 200 даана огун уурдап кеткенин билдирген. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Териштирүү учурунда, үй ээси үйүндө жок учурунда белгисиз бирөөлөр терезеси аркылуу кирип, үйүндөгү сейфти ачып, ал жерде сакталып турган ок атуучу куралды жана ок дарыларды уурдап кетишкени маалым болгон.

Чүй облусунун ИИББнин жана Токмок шаарынын ИИБнин криминалдык милиция кызматкерлери тарбынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы уурулукка шектелип, 26 жаштагы Ж.И., 24 жаштагы М.М. жана Ж.Н. аттуу жарандар кармалышкан. Шектүүлөрдүн экөөсү буга чейин уурулук боюнча сот жообуна тартылганы териштирүү учурунда маалым болгон.

Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында кылмышка шектүү жарандардын дагы Токмок шаарында 8 кылмыш фактысына тиешеси бар экендиги аныкталды. Кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, шектүүлөрдүн дагы башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий