• 85.5
  • 93.43
  • 0.89

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия социалдык роликтерди даярдады

Коом 0


Бишкек, 15.10.24. /Кабар/. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия тарабынан социалдык видеороликтер даярдалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, “Светтик жана абийир эркиндиги”, “Конфессиялар аралык жана ички ынтымак”, “Мамлекеттик кызматкерлердин светтик принциптери”, “Динди курал кылуу эмне үчүн кооптуу” аталышындагы социалдык роликтер мамлекеттик жана расмий тилде даярдалды.

Мындай социалдык материалдарды иштеп чыгуу Маданият министрлигине жана Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясына 2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планына ылайык тапшырылган. Анда диний чөйрөдө мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун принциптерин (светтик, дин тутуу эркиндиги, басмырлабоо жана башкалар) жайылтуу керектиги айтылган.

Министрлик видеороликтердин диний радикализмди, экстремизмди алдын алуу жана Кыргызстанда светтик мамлекеттин мүнөзүн жогорулатуу максатын көздөй тургандыгын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий