Бишкек, 09.02.21. /Кабар/. Токталиев Акин Усубалиевич Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору кызматынан бошотулду. Тиешелүү Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду, - деп билдирет президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.
Президент кол койгон башка Жарлыкка ылайык, Карабаев Медер Жаныбекович Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору болуп дайындалды.
Пикир
Оставить комментарий