• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

“Диний кырдаалга мониторинг жүргүзүү” изилдөөсүнүн жыйынтыктары тааныштырылды

Коом 0

Бишкек, 19.12.24. /Кабар/. Диний кырдаалды изилдөө борборунун кызматкерлери мамлекеттик органдардын кызматкерлерине жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрүнө “Диний кырдаалга мониторинг жүргүзүү” аталышындагы изилдөөнүн жыйынтыктары менен тааныштырышты.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынан билдиришкендей, бул изилдөө Кыргызстандын дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын ишке ашыруу боюнча 2022–2026-жылдарга карата иш-чаралар планынын алкагында коомдук пикирге социологиялык жана аналитикалык изилдөө жүргүзүлдү.

Мониторинг өлкөдөгү социалдык-экономикалык жана саясий кырдаалга диний фактордун таасиринин динамикасын талдоо, ошондой эле калктын динчилдик деңгээлин аныктоого мүмкүндүк берүүчү маалыматтарды алуу максатын көздөйт.

Сурамжылоого аймактардан, Бишкек жана Ош шаарларынан 18 жаштан жогорку курактагы 1546 адам катышкан.

Маалымат үчүн: Диний кырдаалды изилдөө борбору Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын ведомстволук органы катары диний кырдаалга мониторинг жүргүзүү, ошондой эле илимий-изилдөө жана аналитикалык иш-аракеттерди жүзөгө ашырат.

Пикир

Оставить комментарий