• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Бишкекте УКМКнын “Алтын балалык” балдар бакчасы ачылды

Коом 0

Бишкек, 30.01.24. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине (УКМК) караштуу №7 “Алтын балалык” мектепке чейинки билим берүү мекемеси пайдаланууга берилди.

Атайын кызматтан кабарлашкандай, мекеменин имараты эки кабаттан турат. 220 орунга ылайыкталган.

Ичинде бардык тийиштүү шарттар каралып, керектүү эмеректер менен жабдылган.

“Алтын балалыкта” 2,5 жаштан жогорку мектепке чейинки жаш курактагы балдар тарбияланат.

Белгилей кетсек, №7 “Алтын балалык” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин курулушу президенттин резервдик фондунан каржыланган.

Пикир

Оставить комментарий