• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Дистанттык түрдө билим алып жаткан окуучулардын жетишкендиги кантип бааланат?

Билим 0

Бишкек, 08.04.20. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги ѳлкѳдѳгү убактылуу кырдаалды эске алып, 2019-2020-окуу жылынын IV чейрегин дистанттык форматта жүргүзүү чечимин кабыл алган. Ага ылайык, бүгүн 8-апрелден тартып республиканын бардык региондорунда окуу башталды.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова өкмөт үйүндө өтүп жаткан брифингде дистанттык түрдө билим алып жаткан окуучулардын жетишкендиги кантип баалана тургандыгынын жол-жобосун түшүндүрүп берди.

Анын айтуусуна караганда, окуучулардын жетишкендигин баалоо үчүн 4-класстан 11-класска чейин атайын комплекстүү тесттер даярдалган. Аталган тесттер министрликтин алдындагы Улуттук билим берүүнүн сапатын баалоо борбору тарабынан иштелип чыккан.

"Тесттерди иштеп чыгууга көп педагогдор өздөрү катышкан. Бул тесттерди он-лайн жана офф-лайн режиминде колдонсо болот. Биз мугалимдерге тесттерди жөнөтө баштайбыз. Окуучулар аткарып бүткөндөн кийин жооптору жөнөтүлөт. Бул да өз кезегинде окуучулардын жетишкендигин баалоого жана окуу процессин аралыктан жүргүзүүгө абдан чоң жардам берет", - деп түшүндүрдү ал.

Эске салсак, буга чейин тартылып, даярдалган видеосабактар “Баластан” КТРК (1-4-класстын окуучулары жана бала бакчалардын бүтүрүүчү тайпалары үчүн), “Илим Билим” ЭлТР (5-11-кластын окуучулары үчүн) жана "Санат", "Пирамида", "5-каналдарынан" эфирге берилип жатат.

Ушул эле видеосабактар, окуу материалдары, электрондук китептер, теледен кетчү сабактардын жадыбалы, кошумча адабияттар, тапшырмалар, мугалимдер үчүн колдонмолор, өнүктүрүүчү оюндар, тесттер ж.б. министрлик тарабынан түзүлгөн oku.edu.gov.kg порталына жүктөлдү. Ошондой эле “МЕГА 24” тиркемесинде да жогорудагы каражаттар жайгаштырылды.

Кайтарым байланыш үчүн Zoom, WhatsApp, Google classroom сыяктуу каражаттар менен ишке ашып жатат.

Пикир

Оставить комментарий