• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү жазгы талаа иштеринин жүрүшү менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 08.04.20. /Кабар/. Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Акылбек Осмоналиев облус аймагында жүрүп жаткан жазгы талаа иштери менен таанышты. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Жазгы талаа иштери менен таанышуу учурунда Осмоналиев, дыйкандардын ишине эч кандай тоскоолдуктар болбошу керектигин билдирген.

Өкүлчүлүктүн аймакты өнүктүрүү жана мониторинг бөлүмүнүн маалыматына ылайык, облуста күздүк буудай 7 миң 269 гектарга айдалган. Жаздык буудайды 4 миң 963 гектар жана арпаны 33 миң 674 гектар жерге айдоо пландалууда. Ошондой эле картошка 23 миң 787 гектар жана жашылча 2 миң 880 гектарга айдалмакчы.

Пикир

Оставить комментарий