• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

"Дордой" базарында кайрадан бомба изделүүдө

Укук тартиби 0


Бишкек, 29.07.23. /Кабар/. Бишкекте бүгүн эртең менен “Дордой” жана “Алкан” базарларында кайрадан бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

“Кабар” агенттигине Свердлов райондук милициясынан билдиришкендей, жерине ыкчам тергөө тобу жөнөп кетти.

Базардын аймагы милиция кызматкерлери тарабынан курчоого алынып, базарда иштегендер жана кардарлар эвакуацияланды.

Учурда жеринде ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кинологдору иш алып барууда.

Пикир

Оставить комментарий