• 87
  • 90.41
  • 0.84

Душанбе базарларында азык-түлүк дале кымбаттап жатат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 15.04.20. /Кабар/. Душанбедеги базарлардын жетекчилиги ар түрдүү айыл чарба жарманкелерин уюштуруу менен азык-түлүк бааларынын өсүшүн токтотууга аракет жасоодо. Бирок 13-апрелден бери күнүмдүк керектелүүчү товарлардын баасы кайрадан көтөрүлдү.

Маселен, «Саховат» базарында картошканын бир килосу 6 сомони (0,6 доллар) болду. Кимдир бирөө мындан арзан баада сатып алгысы келсе, жарманкеге барып, узун кезекке турушу керек, ошондо дагы 5 килограммдан көп алууга болбойт.

Азык-түлүктөрдүн кымбатташы – чек аралардын жабык болуп жатканына жана жергиликтүү жашылча-жемиштердин быша электигине байланыштуу.

Бул арада доллардын курсу дагы жогорулап, баалардын өсүшүнө алып келди.

Адистер азыркы кырдаалда ички өндүрүшкө басым жасап, импорттук товарлардан көз карандуулукту азайтуу зарыл экенин белгилешүүдө.

Тажикстанда расмий түрдө коронавирус жуктурган учур каттала элек. Бирок бул өлкө вирустун алдын алуу үчүн башка мамлекеттер сыяктуу эле чек араларын жапкан.

Пикир

Оставить комментарий