• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандын айрым аймактарында үшүк жүрүшү күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 15.04.20. /Кабар/. Кыргызстандын айрым аймактарында үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

Маалыматка ылайык, 17-18-апрелде түнкүсүн Талас облусунун дыйканчылык аймактарында 0...-2° үшүк, 18-19-апрелде түнкүсүн Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында 0...-2° үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай үшүктүн жүрүшү өрүктүн бүчүрлөрүнө жана гүлдөрүнө, данектүү мөмө бактарынын эрте сортторунун бүчүрлөрүнө коркунуч алып келет.

Пикир

Оставить комментарий