• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Душанбе шаарында Эл аралык тоолор күнүнө карата иш-чара уюштурулду

Коом 0

Бишкек, 17.12.24. /Кабар/. Эл аралык тоолор күнүнө карата Кыргызстандын Тажикстандагы элчилигинде иш-чара уюштурулду.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, элчи Эрлан Абдылдаев иш-чаранын катышуучуларын тоолор күнү менен куттуктады.

"Кыргызстандын демилгеси аркылуу БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясында тоолуу региондорду туруктуу өнүктүрүүнү илгерилетүүнүн маанилүүлүгүн таануу менен "Тоолорду туруктуу өнүктүрүү" резолюциясын кабыл алганын билесиздер. Анын алкагында 2023-2027-жылдар "Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгы деп жарыяланганы белгилүү. Акыркы жылдары биздин өлкөдө тоолор күнү мамлекеттик деңгээлде белгиленип, өзгөчө көңүл бурулуп жатат. Тоолор-биздин байлыгыбыз, кооздугубуз. Биз Кыргызстанды курчаган уникалдуу тоолорубуз менен сыймыктанышыбыз керек" - деп белгиледи ал.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга Кыргызстандын тоо күн тартибинин алкагындагы демилгелери тууралуу маалымат берилди жана тоо экосистемаларын сактоонун, ошондой эле тоолуу аймактардагы калктын социалдык-экономикалык бакубаттуулугунун маанилүүлүгү боюнча видеоролик көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий