• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Душанбеде курулуш краны кулап, жакын жайгашкан үйдөгү батирлер жабыркады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 20.05.19 /Кабар/. Душанбеде 30 метр бийиктиктен курулуш краны кулап, жакын жайгашкан үйдөгү бир нече батир жабыркады.

Күбөлөрдүн айтымында, кран жашоочуларынын көбү көчүп кире элек 13 кабаттуу үйдүн тогузунчу кабатына кулап, бир адам шок абалында оорукана жеткирилген.

Кранга ээлик кылган «Дунёи Амир» курулуш компаниясынан бул кокустук экенин белгилеп, жабыркагандардын батирлерин бекер оңдоп бере тургандыктарын билдиришти.

«Кран катуу шамалдан улам кулап кетти. Ал СССР мезгилиндеги эски техника болчу, жакында жаңысына алмаштырабыз. Кран 6-7 ай мурда текшерүүдөн өткөн, бардык документтери жайында. Биз зыянга учураган батирлерди өзүбүздүн эсептен оңдоп берүү милдеттенмесин алдык», ؅— деди компаниянын башкы инженери Рахматулло Давлатов.

Пикир

Оставить комментарий