УКМКнын кызматкери пара менен кармалды

Коом 0

Бишкек. 20.05.19 /Кабар/. Улуттук коопсузду боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкери Н.А. 50 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан учурда кармалды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Н.А. 17-майында УКМК Өздүк коопсуздук кзматы жана Аскер прокуратурасы менен биргеликте кармалган.

Кармалган адам текшерүүнү токтотуу үчүн 350 миң сом пара талап кылгандыгы аныкталды.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгү жана 326-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктун боюнча материалдар кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган адам Бишкек комендатурасынын гарнизинондук гауптвахтасына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий