Бишкек, 29.01.24. /Кабар/. Дзюдо боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрүнө спорттук наамдар ыйгарылды, деп билдирет Дене тарбия жана спорт департаментинин басма сөз кызматы.
Спортчуларга наамдарды маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары — Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов тапшырды.
- Ислам Баялиновго “Ардагерлер арасында Эл аралык даражадагы спорт чебери наамы”;
- Эрлан Шеровго “Эмгек сиңирген спортчу” наамы;
- Кыял Амантуровага “спорт чебери” наамы ыйгарылды.
Пикир
Оставить комментарий